"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эрте кайрылса, аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин айтты. Саудиялык мунай иштетүүчү мамлекеттик Арамко компаниясынын кеңсесине сокку урулду. "Мадина" базарында иштеген соодагерлер кайрадан козголду.
Бишкектеги "Мадина" базарында бир топ соодагер кайрадан нааразылыкка чыкты. Алар учурдагы соода кылган орундарын кызылдай акчага сатып алганын айтууда. Соодагерлердин колуна эскертүү баракчалары кайрадан келген. Айрымдары базарды бошотууда башка кызыкчылыктар бар деген пикирин айтып жатышат.
8-октябрда Бишкектин Биринчи май райсоту “Бийликти күч менен басып алуу”, “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айыпталган Темирлан Султанбековду жети жылга эркинен ажыратты. 28 жаштагы саясатчы, оппозиционер, Социал-демократтар партиясынын лидеринин бейнеси.
Темирлан Султанбеков жети жылга кесилсе, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев төрт жылга камалды. ДССУ кара тумоо тууралуу Орусиядан кошумча маалымат сурады. Айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун айтканына Камчыбек Ташиев жооп берди.
Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев эки айга камалды. Ал кызмат абалынан кыянат пайдалануу тууралуу берененин негизинде кармалган. Аскер прокуратурасы мурдагы министр "Байтик" метеостанциясынын аймагындагы мыйзамсыз курулуш иштерине байланыштуу айыпталып жатканын билдирген.
Ирактын түрмөлөрүндө калган кыргызстандык кыз-келиндердин ата-энелери аларды мекенине кайтарып келүүнү өтүнүп, бийликке кайрылды. Алар 14-сентябрда "Ынтымак ордонун" алдына чогулуп, президенттин кабыл алуусун суранышты. Ирактын түрмөлөрүндө жаткандар 2013-2017-жылдары радикал топторго азгырылгандар.
Медицина тармагында иштеген кызматкерлер нефролог Насира Бейшебаевага мунапыс берүүнү же жазасын жеңилдетүүнү өлкө бийлигинен өтүнүп кайрылышты. 10-сентябрда Бишкек шаардык соту Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгери Насира Бейшебаеваны үч жылга абакка кести.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаттары “75чилердин каты” боюнча өкүм чыгарган судьяларга каршы Башкы прокуратурага кайрылды. АКШ президенти Трамп Украинага жаңы талап койду, Орусиянын дрону Польша менен чек арага жетти. Улуттук банк инфляциянын деңгээли 11% ашканын билдирди.
Медицина тармагында иштеген кызматкерлер нефролог Насира Бейшебаевага мунапыс берүү же жазасын жеңилдетүү өтүнүчү менен өлкө бийлигине кайрылды. 10-сентябрда Бишкек шаардык соту Эне жана баланы коргоо борборунун нефролог дарыгери Насира Бейшебаеваны үч жылга эркинен ажыратты.
"75чилер каты" боюнча Бишкек шаардык соту апелляциялык арыздарды карап, сегиз айыпталуучуга төрт жылдык жаза чегерди. "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" беренесине алмаштырылып, жаза эки жылдык пробациялык көзөмөл менен чектелди.
Жаңы гана ачылып, баасы талаш жараткан “Бишкек арена” стадиону 386 миллион долларга курулганы белгилүү болду. Борбор Азиядагы эң чоң спорт комплексте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 31-августта өттү. Комплекс 20 гектар жерди ээлеп, курулуштун жалпы аянты 195 миң чарчы метр.
Прокурорлор Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев баш болгон сегиз адамга тогуз жылдан абак жазасын сурашты. Трамптын администрациясынын чабармандары Стив Уиткофф менен Жаред Кушнер Москвада Путин, Киевде Зеленский менен жолугушту.
7-сентябрда Бишкек шаардык сотунда “75чилер каты” боюнча соттук отурум уланууда. Отурумда жарыш сөз башталып, мамлекеттик айыптоочулар соттон айыптоочулардын баарын тогуз жылдан абакка кесүүнү сураганын айыпталуучулардын бири Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирди.
Мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу Башкы прокуратура текшерүү баштаганы белгилүү болду. Буга чейин "Кыргызгидрометтин" кызматкерлери Ажикеевдин тушунда “Байтик” станциясындагы курулуш "мыйзамсыз салынган" деп доомат коюп жатат.
Орусияга учуу кооптуу болуп калдыбы? Бишкектен Москва жана Новосибирск шаарына каттаган учактар да кармалып жатканы белгилүу болду. Шаардык сот “75чилердин ишин” карап жатат.
Бишкектин “Мадина” базарында 30-августта эртең менен өрт чыгып, түштөн кийин гана толук чектөөгө алынды. Тилсиз жоо 1000 чарчы метр жерге жайылган. Өрттү өчүрүүдө эки кызматкер жаракат алган. Соодагерлер базарды кимдир бирөөлөр тарабынан атайылап өрттөлүшү мүмкүн деген шектенүүлөрүн айтып жатышат.
20-августта Бишкектин Ленин райондук сотунда саясатчы Мавлян Аскарбековго козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы соттук угуу жабык өттү. Аскарбековго Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүнө байланыштуу кылмыш иши козголгонун адвокаты билдирди. Аны үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылды.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун ондогон адамдардын жеке маалыматтарын жарыялаганы боюнча Ички иштер министрлиги (ИИМ) териштирүү баштаганын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди. ИИМ бул туурасында маалымат бере элек.
Бишкек шаардык сотунда "75чилердин катына" байланыштуу чыккан өкүмгө каршы прокуратура, айыпталуучулардын арыздарын кароо 17-августта уланды. “75лердин” катына кол койгон калган 70 кишинин айрымдары сотко келди. Жараянда адвокаттар тергөөчү, прокурор, судьяга чара көрүүнү да өтүндү.
Дагы жүктөңүз